www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМде Кытай делегациясы менен жолугушуу өттү

2026-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министринин биринчи орун басары Ци Янь Цзюнь мырза менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык коопсуздук, трансулуттук кылмыштуулукка, экстремизмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү, ошондой эле маалыматтык технологиялар тармагындагы өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Кыргыз жана кытай тараптары коомдук коопсуздукту жана аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу максатында практикалык кызматташтыкты, тажрыйба алмашууну жана ыкчам маалымат алмашууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

 

Последние новости