www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектеги кара түтүн боюнча маселе көтөрдү.

"Бишкектеги кара түтүн боюнча токтом кабыл алганбыз. Бул токтомдун аткарылышы кандай болуп жатат? Кечээ мен премьер-министрдин милдетин аткаруучу менен сүйлөштүм. Кийинки жумада жыйын өткөрө турган болдук. Бул боюнча Экотехинспекция эмне иш кылып жатат? Аткара албаса жетекчиси кызматтан кетсин. Бул маселени айтып жатабыз, бирок эч кандай жыйынтык жок", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости