www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Карапайым элди тоногондорду бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да азап күтөт», - деди бүгүн, 28-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине ЖКнын депутаты Марлен Маматалиев.

- Марлен Абдрахманович, УКМК фармкомпаниянын жетекчисин кармап, дарыларды жасалма кымбаттатканы боюнча маалымат тааптыр. УКМКнын укугурунан корккон дары саткан компаниялардын жетекчилери дарыларды арзандатууга барабы?

- Албетте эгер ошол мафиялык схемалар аныкталып айрымдары жаза тартса баарына улгу болуп орто жолдон адамдын ден-соолугунан акча жасап, байыгандар азайып баалар да кескин түрдө түшөт эле.

Бул жерде мамлекеттен да тагыраагы ФОМС аркылуу да акча уурдалган фактылар чыгат деп ойлойм. Списание кылган фактылар да чыгыш керек.

Мисалы, ФОМС аркылуу да бир топ дары-дармектер алынат. Мына ошол жака да көңүл буруш керек. Негизи эле кыйналып жашагандардан, карапайым элди тоногондорду бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да азап күтөт.

- Шайлоодо таасирин көрсөтүүгө аракет кылгандар мамлекеттик кызматта экенине карабай жазаланат дегенге ынансак болобу?

- Ынансак болот. Мыйзам бузуп, административдик ресурстарды колдонгондор жазаланаарына чын жүрөктөн ишенем.

- Афганистанга гуманитардык жардам берип, талибдердин өкмөтүнүн тамырын тартууга аракет кылганыбыз, аларды тааныганыбызбы?

- Бул жерде геосаясат да бар. Муну туура кабыл алышыбыз керек. Кыскача айтканда «враг моего врага мой друг» деп атайт элем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости