www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
«Кадырлуу кыргызстандыктар!
Ардактуу мусулман бир туугандар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуу Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.
Ислам – тазалыктын, айкөлдүктүн, сабырдуулуктун жана даанышмандыктын дини. Эзелтен элибиз тутунган бул дин адамдарды биримдикке үндөп, зулумдуктан оолак болууга чакырып, жалпыбызды акыйкаттуулукка багыттайт. Ошондуктан, ата жолун улантып динибизге, дилибизге көлөкө түшүргөн аракеттерден алыс болуп, ички биримдигибизди сактоо менен улуттук баалуулуктарыбызды да унут калтырбашыбыз керек. Мына ушул улуу сапаттарды жана осуяттарды камтыган Орозо айы он эки айдын султаны аталып, кармалган орозо ислам дининдеги ыйык парздардын бири болуп эсептелет. Бул айда таңдан кечке тамактанууну гана тыйбастан, жаман адаттарды токтотуп, жан дүйнөнү аруулантууга басым жасаганда гана ыйык парзды толук аткарган болобуз. Ошондой эле сооп иштерди көп жасап, муктаждарга жардам берүү, башкаларга кең пейилдик менен кечиримдүүлүк көрсөтүү куттуу айдагы башкы чакырыктардын катарын толуктайт. Бирок, 30 күндө жасаган жакшылыктарыбызды мындан ары да улантып, адамзатка таандык асыл сапаттарга умтулганда гана негизги максаттарыбызга жеткен болобуз.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Ак карлуу кыштын соңку күндөрүн утурлай башталып, жаркыраган жазда жыйынтыкталып жаткан Орозобуз жаңыланууга себепчи болуп, Жаратканыбыз элибизге ырыс-кут, жергебизге бакубатчылык берсин!
Кармаган орозобуз кабыл болуп, айтылган ар бир тилек орундалсын!
Жалпы жер шарына тынчтык орноп, кан күйгөн апааттар, карайлаткан илдеттер токтосун!
Күнөстүү Кыргызстаныбыз гүлдөп-өнүгүп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин!