www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марлен Маматалиев Маулен Ашимбаев менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулап, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Марлен Маматалиев акыркы жылдары эки боордош элдин мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилеп, бул багытта мамлекет башчыларынын салымы чоң экенин айтты.

«Боордош казак эли менен бардык тармактардагы байланыштарды арттыруу биздин тышкы саясатыбыздагы артыкчылыктуу багыттардын бири», – деди ал.

Ошондой эле Төрага Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, Казакстандагы акыркы республикалык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен кесиптешин куттуктады.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташууну ТүркПА, ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясы жана КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы сыяктуу эл аралык аянтчаларда өнүктүрүү, депутаттык достук топтору менен тармактык комитеттердин ишин активдештирүү маселелери да көтөрүлдү.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев Марлен Маматалиевдин сапары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Казак менен кыргыз – бир эл, эки мамлекет. Бизди бириктирген тарыхый жана руханий баалуулуктар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого негиз болот», – деди Сенат Төрагасы.

Мындан тышкары тараптар маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, энергетика жана соода тармактарындагы кызматташтыкты күчөтүү, өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен логистикалык борборлорду түзүү маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Суйунбек Өмүрзаков, Камила Талиева, Мавлюда Калбердиева, Равшанбек Рысбаев, Эдита Тайгараева жана Бекмырза Чолпонбай уулу бар.

Последние новости