www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мен Мухаммедкалый Абылгазиевдин эшигин каккылай берип түңүлдүм», - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
Анын айтымында абанын булганышы боюнча маселеге эч ким олутту карабай жатат.
«Жогорку Кеңеште абанын булганышы боюнча токтом кабыл алганбыз. Бирок, ал токтом өз максатына жеткен жок.
Мен өзүм ошол учурдагы Мухаммедкалый Абылгазиевдин эшигин каккылай берип түңүлдүм. Ага маселени түшүндүрүүгө аракет кылдым. Азыр бул маселени эч ким көтөрбөй жатат. Бирок, кийинки жылдары шаардыктар үчүн чоң көйгөй болоорун айтып келдим.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин тушунда кабыл алынган токтом ушул убакка чейин бир да жолу иш жүргүзгөн эмес. Муну биз премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен абанын булганышын текшерип, ага карата аткарылган иштерди көрүп чыкты. Абанын булганышы боюнча эч кандай чаралар көрүлбөптүр. Мына эми ошонун азабын тартып жатабыз», - дейт депутат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg