www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев өлкө парламентин ар кайсы жылдары жетектеген төрагалар менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда төрага парламентте жүргүзүлүп жаткан реформалар, санариптештирүү багытындагы иштер жана Жогорку Кеңештин узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде мурдагы төрагалар жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө оң баа берип, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында ишке ашырылып жаткан реформалар өлкөнүн экономикасы, мамлекеттик башкаруусу жана эл аралык кызматташтыгынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатканын белгилешти.
Тараптар ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын тарыхый жетишкендик катары баалашып, алдыдагы ШКУ саммитинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өлкө үчүн маанисине токтолушту.
Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө жана парламентаризмди бекемдөөгө кошкон салымы үчүн мурдагы төрагаларга атайын төш белгилерди тапшырды.
Катышуучулар жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоорун билдирип, парламенттин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багытындагы иштерге ийгилик каалашты.