www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевден кечирим сурады. Бул тууралуу ал парламент жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

“Мына менин колумда 500 бет кагаз турат. Ар бирин өзүнчө караганда 1200 беттен турган регламент. Андан тышкары кырктан ашык депутаттардын сунуштары. 4 саат регламент мыйзамын карадык. Орозо маалында 4 саат кыйын экен.

Ар бир депутаттын сунушу кагаз түрүндө берилет. Бирок, ар бирин окуп чыкпайбыз. Кыска эле маңызын карап, мурдагы жана азыркы сунуш, аны кабыл алабызбы же кабыл албайбызбы деп эле карайбыз.

Бөлүмдөн техникалык катачылыктары кетип калыптыр, мындай учурлар болот берет. Андай болсо дагы бөлүмдүн атынан, өзүм автор катары деле ушул эки авамдан кечирим сурайбыз", - деди

Эске салсак, буга чейин депутат Маматалиев кесиптеши Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизип, министрлер кабинетинин отчетун угат деген нормаларды тиешелүү мыйзамдардан алып салууну сунуштаганын билдирген.

Көп өтпөй депутат Түлөбаев мындай сунуш келтирбегенин айтып чыккан.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев жыйында Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевди алмаштырып айтып алганын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости