www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да сөз болду.
Төрага Марлен Маматалиев Кыргызстан боордош Өзбекстан мамлекети менен калыптанган достук жана ынак коңшулук мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Биз эки тараптуу алакаларды арттыруу менен түзүлгөн стратегиялык өнүктөштүктү бардык багыттар боюнча улантышыбыз керек”, – деди.
Ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын ынак мамилеси кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө чоң түрткү берип жатканын белгилеп, байланыштарды бекемдөөдө эки тараптуу иш сапарлардын маанилүүлүгүнө токтолду.
Мындан тышкары, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин белгилеген Марлен Маматалиев: “Соңку жылдары аталган багыттагы кызматташтык жемиштүү уланып, кыргыз-өзбек парламенттер аралык өнөктөштүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошону менен катар, биз КМШ ПАА, ТүркПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да биргелешип иш алып барып жатабыз”, – деди.
Буга кошумча кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын иши тууралуу да учкай кеп кылган Марлен Маматалиев алакаларды кеңейтүүдө аталган аянтчанын маанилүүлүгүнө токтолду.
Өз кезегинде Өзбекстандын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев жылуу кабыл алганы үчүн Марлен Маматалиевге ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен да куттуктай кетти.
Ошондой эле Элчи Өзбекстандын Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаеванын жана Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нуриддин Исмоиловдун жолдогон саламын жеткирди.
Андан сырткары, Өзбекстан Кыргызстандагы өнүгүүгө өзгөчө көңүл буруп, жетишкендиктерди кубаттаарын айткан Саидикрам Ниязходжаев элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы пландары менен бөлүштү.