www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Марлен мырза, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында регламент жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралмак. Бирок, ал комитетке кайра кайтарылды. Эмне себептен?
- Мурда президент менен өкмөттүн өкүлдөрү өз-өзүнчө болчу. Азыр экөө бириккен. Биз, депутаттар ар кимибиз шайлоочулардын көйгөйлөрүн айта беребиз, бирок практикада көрүп жатпайбызбы, маселелердин көбү чечилбейт. “Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман” болуп кала беребиз.
Ошон үчүн парламенттин өкмөттө өз өкүлчүлүгү болушун сунуштап жатабыз. Мындайча айтканда, көйгөйлөр бул жерде айтылып эле кала бербестен, өкмөттөгү өкүл анын аягына чыкмайынча иш алпарышы керек. Биз ушул сунушту долбоорго киргизип, долбоорду комитетке кайра кайтардык.
- Азыркы даярдалып жаткан регламенттин мурдагылардан өзгөчөлүгү эмнеде?
- Биринчиден, биз аны Конституция менен шайкеш келтирип жатабыз. Экинчиден, эң башкы өзгөчөлүктөрү, депутаттардын саны азайгандыгына байланыштуу комитеттердин ишмердүүлүгүндө да өзгөрүүлөр болуп, жаңы функциялар кошулду. Мисалы, мурда мыйзамды чечмелөөгө укугубуз жок болсо, азыр ар бир мыйзамда келишпестиктер болуп калса, ага чечмелөө киргизе алабыз.
Мурда БШК парламентке маалымат берчү эмес, мындан ары бизге да маалымат бере турган болду. Буга чейин элдин өз депутаттарын кайра чакыртып алуу механизми да жок эле, аны да киргиздик. Мурдагы регламент боюнча эч себепсиз отуз күн жыйынга келбей койгон депутатка чара көрүлсө, азыр ал мөөнөт он күнгө чейин кыскарды.
Азыр “депутаттык топ” деген түшүнүк пайда болду. Ал кантип иштейт? Топко кирбеген депутаттар кантип иштейт? Айтор, парламенттин ишин натыйжалуу кылып, ишмердүүлүктү күчөтүү максатында жаңы регламентке ушулардын баарын киргиздик.
Булак: Азия News гезити