www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат талдоочу Марс Сариев Башмыйзамды өзгөртүү демилгелери, светтик өлкөдөгү диний фактордун өсүшү, Кытайдын “Санарип Жибек Жолу” долбоорунун Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунучу жана күзгө карай күтүлүүчү кырдаал жөнүндө

Саясат талдоочу Марс Сариев Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал жана жүрүп жаткан жараяндар тууралуу эксперттик пикирлерин NazarNews маалымат агенттиги менен бөлүштү. Сөз Башмыйзамды өзгөртүү демилгелери, аны реформалоонун артыкчылыктуу багыттары, светтик Кыргызстанда шарият мыйзамдарынын жайылып жатышы, саясий жараяндардагы диний фактордун өсүшү, Кытай экспансиясы жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугу, ошондой эле, күзгө карай күтүлүүчү коомдук-саясий кырдаал тууралуу жүрдү.

Башмыйзам өзгөрсө - президенттик бийлик күчөп, өлкө диний багытка басым жасайт

- Кечээ Президент менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ал жерде талкуу ар кандай темада болуп, алардын ичинде сөз Башмыйзамды өзгөртүү туурасында да жүргөн жана Сооронбай Жээнбеков өз мөөнөтү ичинде Башмыйзамды өзгөртөөрүн билдирген. Сиз ал өзгөртүүлөр кандай багытта жүрөт деп ойлойсуз?

- Жарандык коом Башмыйзамды эмне үчүн өзгөртүүнү каалап жатат? Биринчи кезекте, сот системасынын көз карандысыз болуп, демократиялаштыруу жагына карай буруу үчүн. Мындан тышкары, шайлоо системасын да өзгөртүү керек. Карасаңар, азыр бизде парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча жүргүзүлөт. Менимче, учурдагы партиялык тизме менен болуп жаткан шайлоо жакшы жыйынтык бербей жаткандыктан, жарандык коом шайлоонун жоболорунун да өзгөрүшүн каалап турат. Шайлоону өзгөртүп, мажоритардык принципке өткөрүү үчүн Башмыйзамды алмаштыруу керек.

Жээнбеков Башмыйзамды өзгөртүүнү жакынкы жылдары болбойт деп жатат. Анткени, жакынкы эки жылда ал үчүн экономикалык көрсөткүчтү жакшыртышы жана бийликте бекемделиши зарыл. Кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон башка зарыл иштер бар, а Башмыйзамды реформалоо болсо абдан кылдат мамилени талап кылат. Жакынкы эки жылда бийлигин бекемдеп, кандайдыр бир экономикалык жетишкендиктерди жасай алса, ошондон кийин гана Башмыйзамды өзгөртүүгө барат.

Мен Башмыйзамды өзгөртүү президенттик бийликти күчөтүү жагына карай жүрүшүн да четке какпайм. Азыр президенттик бийликти күчөтүү абдан кооптуу, ал [С.Жээнбеков] азыр эч нерсе жасаган жок. Ошондуктан, эгерде жакшы инвестициялык климат түзүлсө, Батыш каражат берсе, демократиялаштыруу процесстери жүрсө, республикада экономикалык өнүгүү башталса, анда эки жылдан кийин мындай экономикалык ийгиликтердин фонунда С.Жээнбеков, албетте, президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө барат. Жээнбеков бийликке жаңы келгенде эле анын президенттик бийликти күчөтүүнүн тарапкери экендиги сезилген. Мен ойлойм, ал баары бир президенттик бийликти күчөтүүгө барат. Азырынча бир нерсе айтыш кыйын, бирок дагы эки жылдан кийин экономикалык өсүштөр болуп, калктын колдоосуна ээ боло алса, анда ал президенттик бийлигин күчөтөт.

- Кийинки кездери светтик Кыргызстанда шарият мыйзамдары кеңири жайылып, атургай мамлекеттин укуктук талаасынан да орун-очок алууда. Буга бир катар мыйзамдарга, концепциялык программаларга шарият нормаларынын киргизилиши, шарият эрежелери боюнча иш алып барган мамлекеттик, коомдук структуралардын түзүлүшү сыяктуу мисалдарды тартсак болот. Бул планда алганда Башмыйзамдын кезектеги өзгөртүлүшү мамлекетти ислам динине карай бурууга багытталышы мүмкүнбү?

- Ооба, Башмыйзамды өзгөртүүдө Кыргызстан өзүнүн багытын диний тарапка бир топ бурушу мүмкүн. Эрдоганды эли ушун үчүн колдоп жатышпайбы. Түркия Кыргызстанга караганда аябай ар түркүн коом болуп эсептелет, ал жакта гректер, еврейлер, күрддөр жана башка улуттар көп, аралаш жашашат. Ататүрк реисламизациянын үстүнөн канчалаган жылдар иштеди. Баары бир ислам фактору азыр ренессанс доорун баштан кечирип жатат. Жээнбековду динге жакын адам катары бул жол өзүнө тартып турат. Ал ушул багытта иш алып барып, Түркиянын моделин көчүрүүгө аракеттенет жана Конституцияны өзгөртүү да ушул багытта жүрөт. Кыргызстанда шарият мыйзамдарынын жайылып жатышы ушунун башталышы десек болот. Буга чейинки эки революция кландык тирештин негизинде жасалган. Эгерде Жээнбеков азыр Түркия вариантындагы ислам факторун күчөтчү болсо, анда бул ич-ара бөлүнүүнү жоёт. Ошондуктан, Жээнбеков муну ыңгайлуу вариант катары эсептейт. Жээнбековдун ордунда ким болбосун бөлүнүп-жарылууну, ыңкылап коркунучун жоюу үчүн элдерди бириктирүүнүн аракеттерин жасамак. Анткени бул элитанын коопсуздугу, анын өз ордун сактап калышы үчүн зарыл.

Саясий жараяндарда диний фактордун өсүшү өлкөнү турукташтырууга багытталат, бирок...

- Кыргызстандагы саясий процесттерде диний фактор барган сайын өсүп баратканы байкалат. Мунун себеби эмнеде?

- Борбор Азиянын, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу туруксуз республиканын элитасы идеологиялык вакуум шартында коомду жуурулуштурган кандайдыр бир идеологияны түзүшү керек. Кыргыздарды бириктирип келген уруулук мамилелер акырындап урап, бузулуп барат. А ислам идеясы, ислам иденттүүлүгү болсо туруктуулук факторун түзө алат. Мен Кыргызстанда ислам фактору өсөт деп ойлойм, анткени биздин элитага (саясий, финансылык) жарылуулар, ыңкылаптык кырдаалдар керек эмес. А ислам жаштардын ишмердикке болгон ээлигүүсүн турукташтырып, демин басып турууга багытталган. Ошол эле учурда жаштарды алкоголдон, ар кандай кылмыштулуктан алаксытып, адилдикке тарткан жай турмушка багыттаган идеологияны жаратат. Ошого катар эле ислам коомду тизгиндеп, саясий элитанын коомду кармап турушуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.

Бирок, бул жерде карама-каршылыктар да бар экенин унутпашыбыз керек. Анткени, бир жагынан Сауд Аравиянын ваххабизм багытындагы исламы болсо, экинчи жагынан Түркиянын же татар вариантындагы бир топ модернизацияланган исламы бар. Падышалык бийлик учурунда Орусия Бухара менен Хиванын ортодоксалдык исламына каршы Борбор Азияда модернизацияланган исламды жайылтууга аракет кылган. Ошондуктан, массаны кармап турууга жана жиктешүүлөр болбошу үчүн ислам иденттүүлүгүн колдонушат. Учурдагы саясий элита үчүн бул туруктуулуктун кепилдиги болмокчу. Анткени, жаштар исламга карай бурулат, эгер кандайдыр бир курч карама-каршылыктар эле болуп кетпесе, ислам коомду турукташтырат. Ошондуктан, азыркы бийликтин негизги багыты Түркия тарапка багытталат. Керек болсо Европа менен Азиянын кесилишинде турган Түркияда Эрдоган ушундай жол менен чон электоратты кармап, исламга каршы уюшулган, вестернизациялоого аракет кылган төңкөрүштү баса алды. Мен ойлойм, бул Борбор Азия мамлекеттери үчүн сабак болду, С.Жээнбеков эле эмес, Борбор Азиянын башка лидерлери да исламдын ушундай формасын кубатташат. Ошондуктан, мен бул Кыргызстандагы кырдаалды турукташтыруу, түндүк-түштүккө бөлүнүү факторун, кандайдыр бир кландык карама-каршылыктарды жууп салуу жана ислам иденттүүлүгүн түзүү үчүн колдонулат деп ойлойм. Бул С.Жээнбековдун бийликти кармап калышына мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Мен азыр объективдүү картинаны айттым. Бирок, мында коркунуч да бар экенин унутпашыбыз керек. Исламды саясий элитаны бузуп-жаруу үчүн курал катары колдонгон тышкы күчтөр да бар. Анткени, Кыргызстандын саясий элитасы иш жүзүндө негизинен партиялык, чарбалык номенклатурадан турган постсоветтик элита. Азыр Орусияга кетип жаткан жаштар көп, алар көбүнчөсү түштүктөн, он класс окуп эле иштеп жатышат. Алар кызылдай радикал болуп кайтышууда, анткени ал жакта Орусиядагы ваххабиттик багытты көзөмөлдөгөн чечендердин жана башка кавказ мечиттеринин таасирине кабылышат. Албетте, алар саясий күрөштө колдонууга, азыркы саясий элитаны кетирип, өзүнүн элитасын жайгаштыруу үчүн мобилизацияланышы мүмкүн. Бул пландан алганда, Кыргызстанды исламга карай буруу кооптуулукту жаратат, тышкы күчтөр бул факторду колдонушат.

Ислам фактору барган сайын өсүп барат, мунун үстүнөн иштеш керек. Илсамдын ваххабисттик, радикалдык багытын эмес, ханафий мазхабын өстүрүү керек. Мен башка жолду көрбөй турам, анткени бул объективдүү процесс өсүп келатат. Карама-каршы коюуга азыр эч нерсе жок, идеология жок, светтик бийликтин бедели төмөн, эл арасында алкоголизм, сойкулук сыяктуу көрүнүштөр күчөп барат. Мындай шартта айыл калкы акыйкаттыкты издеп, аны исламдан таап келет. Ошондуктан, жалгыз мүмкүнчүлүк - ваххабисттик исламды кесип салып, сунниттик багытты күчөтүү керек. Муну Туркиянын жардамы менен жасаса болот, Түркияда, Казанда диний билим алууларды уюштуруу зарыл.

Кыргызстанда исламдаштыруу процесси абдан тездик менен жүрүп жатат. Ошол эле учурда Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда, Казакстанда мамлекет динди ооздуктап турат. Бул жааттан алганда Кыргызстан Борбор Азиядагы диний экстремизмдин тутанышы, кагылышы мүмкүн болгон жалгыз өлкө. Анткени, бизде эч ким муну менен алектенбейт. Маалыматтар боюнча, Казакстанда Актөбөдөгү окуялардан кийин ири каражаттары бар диний ишмерлер бул жакка агылып кирип келишип, легалдашып алышкан.

Кытайдын “Санарип Жибек Жолу” долбоору Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна терс таасир кылышы мүмкүн

- Кытайдын "Санарип Жибек Жолу" аттуу гиганттык долбоору дүйнөнү чарк айланып, жол ката Кыргызстанды да аралап өтмөкчү. Эл аралык эксперттер Пекинден таркаган була-оптикалык түйүндү Башка мамлекеттердин, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу бутуна тура албай келаткан өлкөлөрдүн улуттук коопсуздугуна олуттуу зыяны бар деп коңгуроо кагышууда. Биз болсо 2016-2017-жылдары ошол кездеги президент Атамбаевдин, андан кийин премьер Сапар Исаковдун демилгеси менен бул долбоорго өзүбүз кирип бердик. Өлкөнү санариптештирүүнү көздөгөн "Таза коом" программасы да так ушул Кытай долбооруна ыңгайлаштырып жасалганы маалым. Демек, улуттук коопсуздукту башка өлкөнүн колуна салып бергени үчүн мурунку бийлик башчылары жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

- HuaweyАКШнын кара тизесинде турган компания. Анын курган системасы Кытай бийлигине маалыматтарды автоматтык түрдө берип турат. Кытай транспорттук эле эмес, баарын тыкыр көзөмөлүнө алуу үчүн маалыматтык коридорлорду да курууда. Ошондуктан, чиновниктер муну билиши керек эле. Бирок, өзүңөр көрүп тургандай, доллардык инвестициялар үчүн алар буга көз жумуп коюшкан. Анткени, аларга азыр экономиканы турукташтыруу, экономикалык бум жаратышы керек. А андан кийин эмне болоору кызыктырбайт. Алар стайерлер (алыскы аралыкка чуркаган спортсмен) эмес, спринтерлер (кыска аралыкка чуркаган спортсмен). Аларды жакынкы беш жыл гана кызыктырат, андан кийинкисин башкалар ойлоно беришсин. Бул мамлекеттик эмес позиция. Тилекке каршы, Акаевдин мезгилинен бери эле ушундай болуп келатат. Карап көрсөңөр, келишимдер талап-тоноочулук максатта түзүлгөн. Кайсы келишимди караба, кайтарымы кандай болот, аймактардын, жер байлыктарынын, өндүрүштүк объектилердин Кытайга өтүп кетиши ойлондурбайт. Тажикстанды карасаңар, Тоолуу Бадахшан, Сарез көлү, Мальдив аралдарында порттордун, Пакистанда радарын Кытайга алдырып коюшкан. Мунун баары алардын өз карыздарын төлөй албаганынан келип чыгууда. Биздин чиновниктер мамлекеттик позицияны ойлобой, азыр акча алууну, бизнесин сунуштоону гана ойлоп, беш жылдан кийин эмне болоору кызыктырбайт.

Ооба, бул мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч. Бирок, көрүп турганыбыздай, мунун баары токтоп калды жана бул кокусунан эмес. Анткени, Түркиянын, ислам факторунун күчөшү буга таасир этти. Алар бул транспорттук жана электрондук түйүндүн Кытай үчүн түрк дүйнөсүн экспансиялап алышына шарт түзөөрүн түшүнүп турушат. Ошонуктан, Эрдоган баштаган түрк дүйнөсү, анын ичинде Кыргызстан да Кытайдын бул долбооруна кооптонуу менен карашат. Андыктан, “Таза коом” сыяктуу долбоорлордун ордунан жылбай жатышы да кокусунан эмес десек болот.

Атамбаевдин командасы реванш алууга аракет жасашат, бирок күздө өзгөчө чыңалуулар күтүлбөйт

- Азыркы бийлик менен Атамбаевдин командасы тирешип келатат. Ортодо аргумент катары түндүк-түштүк жиктелиши көтөрүлүүдө. Муну бийлик Атамбаевдин командасынан көрүүдө. Чындап эле түндүк-түштүк саясат жүрүүдөбү?

- Албетте, буга кызыкдар күчтөр бар. Анткени, азыр кылмыш иштери негизинен Атамбаевдин айланасындагыларга козголуп жатат. Ошондуктан, кайсы бир деңгээлде Атамбаев дагы кызыкдар. Анда болсо регионализмге басым жасоодон башка башка ресурс жок. "Мына бакиевчилер кайра келип жатат" деген сыяктуу. Конгантиевдин реабилитацияланышы да чоң роль ойноду. Бул - абалды чайкоо үчүн жакшы курал.

Бирок, менин көз карашымда, Атамбаев азыр шахматтык жүрүштөрдө утулууда, өзүнүн фигураларын четинен салып берип жатат. Сапар Исаковду берди, ал чоң фигура деле эмес, азыр эми Албек Ибраимовду алдырды, бирок ал дагы таасирдүү фигура эмес. Алар Илмиянов, Матраимов, жадагалса Шадиев дагы эмес. Чечүүчү фигуралар мына ушулар, алар багынышпайт.

 Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда келишкис карама-каршылык бар. Ал Жээнбековду президенттикке көтөрүп чыкты. Бул шахматтык оюнда Атамбаев куурчакчы болуп Жээнбековду ойнотом деген ою бар эле, бирок андай болгон жок, Жээнбеков куурчактан куурчакчыга айланып чыга келди. Атамбаев жеңилип баратканда керек болсо Албек Ибраимов сыяктуу ферзаны да жедирүүгө мажбур болууда. Бирок, ошентсе да, мен Атамбаевдин кол тийбестигин алып, кылмыш ишин козгоого чейин жетишет деп ойлобойм. Ага жараша күзүндө чыңалуулар да болбойт. Анын үстүнө Жээнбеков жаңы эле келди, ыңкылаптык кырдаалды түзүүчү шарттар жок, төмөнкү катмардын дарамети жок болсо, үстүңкү катмар андайды каалабайт.

Азыр кырдаалды чайкоочу факторлор жок. Ошондуктан, Конгантиевдин акталышы, бакиевчи кадрлардын кызматтарга дайындалышы сыяктуу айрым фактыларды атайылап көбүртүп-жабыртып маалыматтык согушта колдонушууда. Мен ойлойм, Атамбаевдин тегерегиндегилер менен түндүктүн нааразы кландары ушундай факторлорду колдонуп күзүндө реванш алууга аракеттенишет. Мында, албетте, Орусиянын позициясы да чоң роль ойнойт.

Бирок, Жээнбеков менен азыркы бийлик өздөрү чалынып албашы керек. Мына Шадиев качты, Илмиянов качты, Пирматовду да качты деп жатышат - булардын баары түштүктөн. Түндүктүн өкүлдөрү болгон Албек Ибраимовду, Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду камап жатышат. Бир гана Жантөрө Сатыбалдиев түштүктөн, бирок ал тигил командага да, мунусуна да кирбейт. Мындайда кандай аргумент болушу мүмкүн? Матраимов, Шадиев, Илмиянов, Пирматов сыяктуу байлардын жоопкерчиликтен кутулуп кетип, түндүктүн жигиттер кармалып жатса жөнөкөй адамдар муну түндүк-түштүк мамилесинин айынан деп түшүнөт.

- Демек бул кокустук эмес, атайын "өз-жат" деген мамиле болуп жаткан экен да?

- Ооба, бул жөн эле дал келүүчүлүк эмес, объективдүү нерсе. Анткени, аларды камаса түштүктөн электорат жоготуп алышат. Түндүктө шарт башка, бөлүнүп турушат - таластыктар өзүнчө, нарындыктар өзүнчө болуп. А түштүк жактын эли бир кыйла биримдиктүү келишет, "карачы, биздин кулундарды отургузуп жатат?" десе эле бүттү, электоратын жоготуп алышат. Эмне үчүн Конгантиевди акташты? Анткени Конгантиев - бул электорат, Матраимов Кара-Сууну бүт бойдон КСДПга уюштуруп, партияны каржылап берди. Түштүктө абал түндүккө караганда таптакыр башка, ал жакта менталитет бөлөк, бир топ коркунучтуу, ошон үчүн аларды камоодон, жоопкерчиликке тартуудан ойлонушат. Ошондуктан, азыркы бийлик түштүктөн кадимкидей коркот.

А бул жакта Кулматовду отургузушту, ал үчүн ким чыгат? Сапар Исаковдун артынан Кочкордо эки-үч аксакал чыгышы мүмкүн. А түштүктө ушинтип көрсүнчү. Акматбек Келдибековду, Камчыбек Ташиевди камаганда кандай болгону эсиңердеби? Бат эле тууган-урук топтолуп, жолдорду бууп салышкан. Эмне үчүн мындай? Анткени, түштүктө алар спорттук мектептерди каржылап турушат, баатыр энелерге майрамдарга карата белек-бечкектерди берип келишкен. Алар болсо керек учурда шарт уюша калып, колдоп чыгышты. А түндүктө болсо башка менталитет - ар ким өзү үчүн.

Маектешкен Кубатбек Айбашов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости