www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Премьер-министрдин буйругу менен Эльдар Алишеров Экономика министринин орун басарлыгына дайындалды. Бирок, жаңы эле кызматка дайындалган Эльдар Алишеровдун бул кызматка кандайча келип калганы суроолорду туудурду. Топтолгон маалыматтар анын депутат Акылбек Жапаров менен бизнесте да, мамлекеттик жумушта да тыгыз байланышта болуп келгенин көрсөтөт.

Маалыматтар боюнча, Э.Алишеров 2010-жылы депутат Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп иштеген, 2014-жылы вице-премьер-министрдин (кайра эле А.Жапаровдун) жардамчысы кызматтарын аркалаган. Мындан тышкары, ишкер катары А.Жапаров экөөнүн бизнесте да чогуу келатканы маалым. Э.Алишеров мурда “Глобалико Холдингс” ЖЧКсынын жетекчиси болуп иштеген жана бул компания А.Жапаровго тиешелүү “Дамас” мейманканасын айнектегени менен белгилүү. Анын бул компаниясы менен А.Жапаровдун “Дамас” мейманаканасы бир даректе - Жумабек көчөсү, 107 жайгашкан. Учурда юстиция министрлигинин базасында “Глобалико Холдингстин” жетекчиси катары Уланбек Абыкеев катталган. Э.Алишеров менен У.Абыкеев “Келечек Эл” партиясынын негиздөөчүлөрү да болушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости