www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гулзат Аалиеванын Фейсбук баракчасынан алынды
СССР кулагандан кийинки акыркы 27 жыл ичинде идеологиялык боштукту дин ээлеп, "аалым" аталган аферист шылуундар өз билген намазын окуп, элдин башын айлантууда.
Түштүктө эл исламдын аки-чүкүсүнөн кабары бар экен. Ал эми Түндүк Кыргызстанда "ислам деген ушу тура" деп, алдын-артын карабай эле инкарчы, ахмадиячы, хизбутчу болуп, диний фанатизмдин сазына терең батууда.
Айтсак, белгилүү төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев аалым сөрөйлөр берген тыйын-тыпырга алданып, Айкөл Манасты ашата сөккөндөрдү көрбөмүш болуп, Манас бабасын унутта калтырып, Мухаммед аттуу ата таап алышты. Албетте, аларды арабчылдар далыга таптаганы менен, аттиң ай арман, бул акындар алардын арасында уча менен жамбашка эч качан ээ болбой, күң жилик менен далы жеп, өмүр кечирет.
Мындан сырткары, Нарын жергесинде үнү абдан жакшы бир жаш ырчы кыз (аты-жөнү эстен чыгып жатат) да арабчылдардын тузагына илинип, Элмирбек Иманалиев. акынга таандык "Булбулум" деген ырдын мазмунун өзгөртүп, аны Мухаммед пайгамбарды даңктаган саптардан турган ырга айлантып, уурдалган обондун майын чыгара аткарып, ислам динин эл арасына жайылтып жүрөт.
Эскерте кетчү жагдай: Элмирбек Иманалиев өзүнүн "Булбулум" деген ырынын обонун уурдап, ошол обон аркылуу ислам динин даңазалап жүргөндөрдү сотко берүүгө толук укугу бар.
Рысбай Тагаев:
Койлорго Шведцариядан кочкор алып келдик.
Уйларга Норвегиядан урук алып келдик.
Тоокторго Кытайдан корооздор келип жатат.
Эчкилер бир сыйра урукташып, азыр эри менен элдешти (ак ангор, кара ангор болуп).
Жылкыларды русактар үйүрлөп калды.
Булар, эми, мейли, жаныбарлар экен.
Алар ата тегин билбеген МАҢКУРТТАР экен.
Бирок, биз, кыргыздар, ата теги менен тамырын билүүгө тийиш болгон адамбыз го. Ар кимиси ар кандай динге, сектага кирип алып, тытышкан кыргыздарды көрүп, угуп, окуп алып, уктай албай чыктым.
Кыргыздын кыргыз болуп сакталышына, кыргыздардан башка улут жардам бербейт.
Алар "мен кыргызмын" деп, араңарга кирип алып,
- ортоңорго от жагат,
- жеп, тонойт,
- маданиятыңарды бузат,
- баалуулугуңарды былгытат,
- сыймыктанаар нерсеңерди жерге тепселейт.
Эртерээк эсиңерге келгиле, бир туугандарым, КЫРГЫЗЫМ!
Алмазбек Адишов:
Бүгүнкү күндөгү төкмө акындардын эң алдыңкысы Элмирбек Иманалиев. Бар болсун! Чыгармачылыктагы өзүнүн чыныгы жолун тапкан жигит.
Акын болуш үчүн да терең, фундаменталдуу билим керек. Акын сөз океаны "Манасты" окушу зарыл. Дин тарыхын, келип чыгуу себептерин тереңинен билүүсү шарт.
Кыргызды АКЫНЫ менен БААТЫРЫ сактаган. Ошондуктан, кыргыздан пайгамбар чыккан эмес. Намаз - бул да, орусча айтканда, ПЕНИЕ.
"Манас" айтуу - бул ыргагы укмуш ыр дайра. Кыргыз баласы
- бешикте бешик ырына термелет,
- эс тарканда "Манас" угат,
- өлсө, кошок айтылат.
Булардын баардыгы үн менен коштолот.
Байыркы горловое пение деген керемет жанрды айтпай ак коёюн. Ошол үндү динде пайдаланып жатышпайбы. Миң кайталанып окула берчү Куранды которгондо Кудайды даңктаган жөп-жөнөкөй эле сөздөр.
Ар бир элдин өз тилинде жазылган руханий бийиктиктери бар. Кудай баардык тилди түшүнөт. "Түшүнбөсөң деле арап тилинде гана мага кыйналып кайрыл, сыйын!" деген нерсе болбосо керек. Жашоо жөнөкөй, аны биз татаалдаштырабыз.
Булак: NazarNews.kg