www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын кайталангыс чыгаан, көк жал жигити, журналист Улан Эгизбаевдин каза болушу бүткүл Кыргызстанды "дүрт" эттирип оорду толгус орду жоготуу алып келди. Улан Эгизбаевди, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Бөдөш Мамырова төмөндөгүчө эскерди.
"Жакшы жан элең аялуу,
Жакшыны кайдан аяды.
Боз шыбак баскан мүрзөңдүн,
Боздотуп турар карааны", деген Шакенин "Агындыларын" окуп Алайда жүргөм. Ар кандай маалыматтардан убактылуу алыстап анан ушул төрт сап ырын окуп жатканда, "белгилүү журналист, Улан Эгизбаев сууга чогуп өлдү", дегенди угуп, чак түштө чагылган түшкөндөй дендароо болуп, кабыргам кайышып турдум. Атаганат ажалга айла жок экен, кыргыз дагы бир кырчынынан айрылды. Сүйлөгөнүн баскан турганын кызматын өз курдуулардан өзгөчөлөнгөн, кудайдын берген белегиндей жан элең иним. Эч бир пенде кынтык таба албаган, өздү дагы өзгөнү дагы тамшандырган досуңду дагы, душманынды дагы ынандырган аналитикалык ой жүгүртүүң жогорку деңгээлдеги журналистердин сап башында элен! "Азаттыктын" жалпы жамааты Венера, Айзада Касмалиева терең кайгыруу менен көңүл айтам! Уй бүлөсүнө жакындарына сабыр тилейм. Кайрат кылгыла орду толгус оор жоготуу! Кош Улан! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болуп кудайым бейиштин гулбакчасын насип этсин!
Жогорку Кеңештин мурдагы экс вице-спикери Бөдөш Мамырова.
Булак: NazarNews.kg