www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда согуш аракеттерин баштоого олуттуу себептер болгон. Мындай пикирди саясат таануучу, Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук боюнча эксперт Марс Сариев билдирди.

--“Тажикстанда согуш аракеттерин баштоого олуттуу себептер болгон.  Бул үчүн алар абдан ылайыктуу учурду тандап алышкандыгына көңүл бургум келет. Алар эки күн Дүйшөмбүдө ЖККУнун мүчөлөрүнүн жыйыны болуп жатканда, биздин Коргоо министри жана Коопсуздук Кеңешинин катчысы ага катышып жатканда аскерий иш-аракеттерин баштады. Премьер-министр Улукбек Марипов Казанга ЕАЭБдин жыйынына учуп кетсе, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара аскерлерине жооптуу башчысы Камчыбек Ташиев Германияга дарылануу үчүн жөнөп кеткен. Өлкөдө бир гана президент Садыр Жапаров калган эле. Кыргызстанга кол салуу анын дээрлик негизги жетекчилери жокто жасалгандыгы, бул атайылап жасалган чагым экендигин билдирет жана тажиктер буга алдын-ала даярданган, - дейт Марс Сариев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости