www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери социалдык тармактарда кызды видеого тарткан жаранды аныктап, жоопкерчиликке тартышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Instagram социалдык тармагына жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан белгисиз эркек киши маршруттук таксилердин биринин ичинде аялдын көйнөгүнүн астына уюлдук телефондун камерасын багыттап, жашыруун түрдө видео тарткандыгы чагылдырылган видео аныкталган. Ошондой эле видеодо аталган жарандын орой жана адепсиз сөздөрдү колдонуп, андан соң коомдук транспорттон чыгып кеткени көрүнгөн.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын МЭЖне катталып, андан кийин тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 1993-жылы туулган Э.П. аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыкка жеткирилген.

Аталган жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, андан соң Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Последние новости