www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлык окумуштуулар Марстын Утопия түздүгүнүн аймагында океандын далилдерин табышты. Марсты изилдеген алгачкы кытай аппараты Zhurong аталган түздүктүн түштүк бөлүгүндө байыркы океандын жээгине окшош чөкмөлөрдү тапкан. Изилдөө Proceedings of the National Academy of Sciences илимий журналына жарыяланган.
Жогоруда айтылган издерди Zhurong 2021-жылдын майынан 2022-жылдын майына чейин аралыкта тапкан. Бул убакыттын ичинде ал Марстын 1,9 километрге жакын тик капталдарын изилдеген. Мындай издердин пайда болушу үчүн миллиондогон жылдар талап кылынгандыктан, Марста океан абдан узак убакыт бою болгон деп айтууга негиз бар дешет окумуштуулар.