www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-мартында жаздын биринчи айында эң күчтүү магниттик бороон болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, орточо интенсивдүү геомагниттик термелүүлөр 15, 16, 21 жана 22-мартта дагы уланат. Айдын акыркы магниттик бороону 27-28-мартта болуп, ал сезимтал адамдардын кан басымын жогорулатып, жалпы ден соолугун начарлатышы мүмкүн.

Адистердин айтымында, магниттик бороон-чапкындар жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган, кан басымы жогору же төмөн болгон адамдарга таасир этет. Анын таасири астында кан тамырлардын көзөмөлсүз тарышы жана кеңейүүсүнө байланыштуу дарыгерлер аба ырайына байланыштуу мигрень, баш оору, булчуңдардын оорушу, апатия жана жалпы алсыздык учурларын белгилешет.

Маалымат үчүн айта кетсек, магниттик бороондор Күн-Жер физикасынын эң маанилүү элементтеринин бири болуп саналат, ага карата «космостук аба ырайы» термини колдонулат. Магниттик бороон-чапкындар – Күндүн термелүүсүнөн улам бир нече сааттан бир нече күнгө чейин созулган Жердин магнит талаасындагы бузулуулар. Алар ошондой эле спутник жана башка технологияларды таасир этиши мүмкүн.

Бул учурда кеминде 7-8 саат уктоо сунушталат. Майлуу жана ачуу тамактарды диетадан чыгарып, күнүнө 2 литрден кем эмес суу ичүү сунушталат. Кофенин көлөмүн азайтып, чөп чайын колдонуу керек.

Ошондой эле магниттик бороон байкалганда контрасттуу душ, эртең мененки көнүгүү, таза абада басуу, чуркоо ден соолукка пайдалуу.

Последние новости