www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан») эмне үчүн Биринчи май бир мандаттуу округундагы Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катышкысы келгенин түшүндүрдү.
«Мен Биринчи май округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди көрсөтүп жатканым тууралуу арыз жазгам. Анын себеби, эгерде мен кайра депутат болуп шайланып калсам, парламенттеги менин ордума «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен дагы бир депутат келмек. Оппозициячыл депутаттардын саны 1 депутатка көбөймөк. Мыйзам буга жол берет», - деди Масалиев.
Ал БШКнын жумушчу тобу анын арызына жооп бергенин, бирок ал жооп мыйзамсыз жана негизсиз экенин кошумчалады.
«Соттошуп, меники туура экенин тастыктагым келбейт, себеби азыр мыйзамсыздык кадыресе көрүнүш болуп калды», - деди Масалиев.
Ал БШКнын төрайымы менен да сүйлөшкөнүн, ал жумушчу топтун пикирине кошуларын айтканын белгиледи.
Буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев Масалиев кайра шайлоого катышкысы келсе, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан чыгып, депутаттык мандатын тапшырышы керек экенин билдирген.
Ал эми БШКнын жумушчу тобунун жообунда, Масалиев партиянын тизмеси менен депутат болуп шайланганына байланыштуу, бир мандаттуу округдагы кайра шайлоого катыша албай турганы айтылат.
Булак: NazarNews.kg