www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясы 2024-жылкы президенттик шайлоого чейин Эл аралык космос станциясында (МКС) камалып калган астронавттарды куткарууга Илон Маскка тыюу салган. Бул тууралуу Маск америкалык комик жана теле алып баруучу Жо Рогандын подкастында билдирди.

“Мага Ак үйдөн шайлоого чейин эч кандай куткаруу аракеттерин жүргүзбөөгө көрсөтмө берилгени айтылды”, — деди Маск.

Роган администрация мындай тыюуну саясий себептерден улам койгон болушу мүмкүн деп божомолдоду. Маск бул ойго макул болуп, мындай деди: “Алар түз эле ‘бул жаман саясий кадам болмок’ деп айтышкан жок, бирок куткаруу операцияларына кызыкдар эместигин ачык билдиришти.”

SpaceX башчысы муну таң калычтуу чечим деп эсептебей турганын кошумчалап, Байден администрациясынын ага болгон мамилеси буга чейин эле муздак экенин айтты. Анын айтымында, мунун себеби — Масктын АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын шайлоо кампаниясына жардам бергени.

2024-жылдын 19-мартында SpaceX компаниясынын Crew Dragon космостук кемеси Crew-9 миссиясынын экипажы менен Жерге кайтып келген. Анын курамында “Роскосмос” космонавты Александр Горбунов жана NASA астронавттары Барри Уилмор, Сунита Уильямс жана Ник Хейг болгон.

Уилмор менен Уильямс МКСке 2024-жылдын 5-июнунда Boeing компаниясынын Starliner кемеси аркылуу учуп барышкан. Алар 14-июнга чейин орбитада болушу керек эле. Бирок кеме стыковка маалында бир нече маневр кыймылдаткычтары иштебей калгандыктан, кайтуу мөөнөтү улам-улам жылдырылып, акыры белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Жыйынтыгында NASA астронавттар Жерге 2025-жылдын жазында Crew-9 миссиясынын курамында кайтып келерин чечкен.

Последние новости