www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Канаданын премьер-министри Жастин Трюдону өлкөдөгү сөз эркиндигин жок кылууга аракет кылып жатат деп күнөөлөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал онлайн-платформаларда стриминг (мультимедиалык агым) жана подкаст жарыялоо шарттарын жөнгө салуу боюнча күчүнө кирген жаңы эрежелер туурасында айтты.

"Трюдо Канададагы сөз эркиндигин жок кылууга аракеттенип жатат. Уят эле", — деп жазды Маск Х тармагына Канада бийлигинин кадамына комментарий берип жатып.

Сентябрдын аягында Канаданын телекоммуникация жана радио уктуруу (CRTC) комиссиясы стриминг кызматтары менен подкасттардын иштөөсү боюнча жаңы эрежелерди жарыялаган. Анда жылына 10 миллион Канада долларын (656,38 миллион сом) иштеп тапкан онлайн-платформалар 28-ноябрга чейин каттоодон өтүшү керектиги айтылган.

Агенттик документтин негиздемесинде каттоодон өтүү талабы социалдык тармактар менен онлайн-кызматтарга да тиешелүү экендигин жазды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости