www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке ишкер жана жарандык активист Илгиз Шаменов 2 айга Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди. Мындай чечимди бүгүн, 29-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Белгилей кетсек, Илгиз Шаменов 27-октябрда Москвада кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген.

Ага карата «массалык башаламандыктарга даярдык көрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова эки айга камалды.

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости