www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 65-эл аралык математикалык олимпиадада ийгилик жараткан Кыргызстандын курама командасын сыйлады.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр өжөрлүк менен оор жолдорду басып өтүп, жеңишке жеткен окуучуларга жана алардын мугалимдерине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева алар жалпы өлкөнүн мактанычы жана сыймыгы экендигин белгилеп, Министрликтин ыраазычылык катын жана ноутбуктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар бир алтын, 3 күмүш жана 2 ардак грамотага ээ болуп, командалык эсепте 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээлеген. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрү кирген.

Последние новости