www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Матеуш Моравески: Германия чоң ката кетирди

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Евробиримдиктин лидерлеринин Брюсселдеги саммитинен кийин Германия Украинага жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатканын билдирди.

Моравески мырза Берлин өзүнүн куралдуу күчтөрүн модернизациялоого көп каражат жумшаганын жана согуш болуп жаткан аймактарга курал жөнөтүүгө эмбаргону алып салганын кошкондо, саясатка өзгөртүүлөрдү киргизгенин моюнга алды. Ал ошондой эле Германиянын Украинага Leopard согуштук танктарын жөнөтүү чечимин белгиледи.

Польшанын премьер-министри Германиянын буга чейинки энергетика саясаты тууралуу да айтып берди.

Моравески: "Германия өзүнүн казылып алынган отун бизнес модели боюнча Орусияга толугу менен көз каранды болуп, чоң ката кетирди" деди.

Мындан тышкары, Матеуш бир нече сунуштарды айтты. Анын пикиринде, НАТО өлкөлөрү өз чыгашаларын ИДПнын 3%га чейин кескин көбөйтүшү керек, Евробиримдик коргонуу максаттары үчүн жаңы карыздарды тартуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп, ошондой эле тоңдурулган россиялык активдерди тез арада аскердик операцияларга бурушу керек, - дейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости