www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» үстүнөн Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды кароо боюнча комиссиясына арызданды. Бул туурасында аталган комиссиядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыз «Азаттыктын» кабарчыларына Матраимовдун кишилери Ошто кол салды деген маалыматтарга байланыштуу жазылган. Депутат арызында «Азаттыктын» орус тилиндеги версиясында текст менен жазылган 11 материал, журналист Ыдырыс Исаков даярдаган 1 видеоматериал жарыяланганын белгилеген.
«12 материалдын ичинен он бири радионун өзүнүн көз карашын жана алардын позициясын колдогон же коргогон адамдарын пикирин чагылдырган», - деп жазган Матраимов.
Ошондой эле арызда, Ыдырыс Исаковдун Матраимовдордун жакындарынын бири менен телефондон сүйлөшүүсү тууралуу да эскертилип, кабарчынын «бул - чоң саясат» деп айтканына көңүл буруу өтүнүчү келтирилген.
Жалпысынан арызда Матраимов:
Окуянын чагылдырылышынын сапатына баа берүүнү;
Кыргыз Республикасынын Журналисттердин этикалык кодекси боюнча текшерүү жүргүзүүнү;
Жарыяланган материалдарды талдоо үчүн тараптарды чакырууну;
Ыдырыс Исаковдун телефондон сүйлөшүүсүнүн аныктыгын текшерүү үчүн көз карандысыз экспертиза түзүүнү өтүнгөн.
Ошондой эле, депутат Искендер Матраимовдун Азаттык үналгысына карата арызы келип түшөрү менен Комиссиянын курамындагы «Азаттыктын» журналисти Санжар Эралиев дароо бул арызды кароо процессинен чыккан. Анын себеби, кызыкчылыктар кагылышына жол берилбеши шарт.
“Санжар Эралиев бул арызды кароого, чечим кабыл алууга катышпайт. Ошондуктан Матраимовдор менен «Азаттык» радиосунун чырында бейтарап чечим чыгат деп ишендире алабыз. Арызды кароодо биздин негизги инструмент - Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, -деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg