www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Федерация кеңешинин төрагасы Одессадагы трагедияда күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин айтты.
Атайын аскердик операциянын жыйынтыгы менен Киев режиминин бардык кылмыштарын чогулткан чоң трибунал керек болот. Бул тууралуу Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Telegram-каналына жазып, Одессадагы трагедиянын он жылдыгын эскергенин РИА Новости кабарлады.
2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин "антимайдандын" активисттери нааразылыкка чыгышкан. 2-майда түштөн кийин бир тараптан "антимайдандын" активисттери менен Харьков жана Одессанын футболчуларынын, ошондой эле "Евромайдандын" радикалдарынын ортосунда чатак башталган. Мушташта чатыр шаарчасы талкаланып, мамлекеттик төңкөрүштү колдогондор жана улутчулдар "антимайдандын" өкүлдөрү баш калкалаган Профсоюздар үйүн өрттөп салышкан. Трагедиядан 48 адам каза таап, 250дөн ашык киши жабыркаган.
"Атайын операциянын жыйынтыгы менен ири трибунал керек деп ойлойм. Анда Киев жасаган кылмыштардардын бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин чогултулат. Бул трибуналдын негизги эпизоддорунун бирине — 2014-жылы 2-майда Профсоюздар үйүндө болгон коркунучтуу кылмыш боюнча айып тагылышы керек", — деп жазган Матвиенко.
Федерация кеңешинин жетекчиси бул кылмышта эскирүү мөөнөтү деген түшүнүк болбой турганын, Одесса трагедиясына күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартыларын айткан.
Матвиенко трагедияны иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн Киевди мажбурлоого милдеттүү эл аралык уюмдардын аракетсиздигине да баа берилиши керектигин кошумчалап, айыпталуучулардын күнөөсүн аныктоого көптөгөн далилдер бар экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg