www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз да, тажиктер да «Байрактарды» колдоно албайбыз. Анткени ага башка өнөктөш өлкөлөр жол бербейт», - деди бүгүн, 3-майда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

- Мавлян мырза, «Байрактар» Анкарага бизнес, Борбор Азияга баш оорубу? Коомчулукка биз сатып алдык деген «Байрактарды» Тажикстан да сатып алды деген маалымат тарай баштады. Ал турсун аны бизге каршы колдонсо эмне болот дегендер да бар. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Түрк тилдүү, бир тууган элбиз, бирок мамлекет ортосунда туугандык, досчулук эмес кызыкчылыктар кана бар экенин унутпашыбыз керек. Биздин согуш доктринабыз боюнча коргонуу жолу каралган, «Байрактар» басып кирүү куралы болуп эсептелет.

Аны жүз миңдеген долларды коротуп биз, тажиктер алганы менен чыгымдан башка эки өлкө эч нерсе таппайт. Башкача айтканда, биз да, тажиктер да «Байрактарды» колдоно албайбыз. Анткени ага башка өнөктөш өлкөлөр жол бербейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости