www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дачи СУ окуясы калыс иликтениш үчүн, алгач каргашалуу окуяны жаап, жашырып, азыр да чоң кызматтарда иштеп жаткандарды жазалаш керек», - деди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине жарандык актвист Мавлян Аскарбеков.

- Мавлян мырза, Дачи СУ окуясы калыс иликтениши үчүн эмне кылыш керек?

- Дачи СУ окуясы калыс иликтениш үчүн, алгач каргашалуу окуяны бүгүнкү күнгө чейин жаап, жашырып келгендерди жазалаш керек. Алар бүгүн да чоң кызматтарда иштеп жатышат.

Адилеттүүлүк болуш үчүн түзүлгөн комиссия  ошолорду аныкташы шарт. Аларды укук коргоо органдары жоопко тартышы зарыл. Ошондой эле комиссия, ошол окуя болгон учурдагы жоопсуз калган көп суроолорго, фактылардын негизинде жооп алышы керек.

Жүк кимдики, кимдер жашырган, Кыргызстанга андай жүктөр канча ирет кирген, мамлекетке канча зыян келген, элден чогулткан каражат кайда жумшалган, ошол окуяда жабыр тарткандарга өкмөт тарабынан канча жардам берилген.

Авиакомпания канча компенсация төлөп берген? Алардын төлөгөн каражаты эл-аралык нормага туура келеби? Дачи СУ тургундарынын маселелери өкмөт тарабынан толук чечилдиби деген толгон-токой суроолорго жооп алышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости