www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Космосбек Чолпонбаев деген Саламаттыкты сактоо министри бар эмеспи бою «куркуйган». Ушул киши ээрге мингендс эле кыйшак олтурган. Үзөңгүгө буту жетип-жетпей, чала-була тээп. Анткени,бул эргулуңар аталган министр болгонго чейин министрликке тиешелүү бир да тепкичти басып өткөн эмес.
Аныгында «Аптека» иштеткен бизнесмендердин башын бириктирип, ассоциация түзүп алып бизнес жасагандан башканы билбеген. Анан эле «Айданбы» же «Марстанбы», айтор, пайда боло калдыда бакыйган министр болуп чыга келди.
Бирок, абдан мажирөө, жүдөө, чаласабат, шалаакы министр болду. Элдин саламаттыгы, ооруканадагы абал, дарыгерлердин элге жасаган мамилеси кандайлыгына башы түк оорубайт экен. Буга чейин да айтканбыз, эми да айталы, Чолпонбаев министр болгону бир гана маселени көтөрдү. Анысы да медицина кызматкерлерин кыскартуу боюнча. Өз сөзүндө «Аптекарь» тоюс, министр «Кыскартуудан 12 миллион сом үнөмдөйт экенбиз» деп күпүлдөдү. Бирок, айына үнөмдөлөбү же жылына 12 миллион сом үнөмдөлөбү айткан жок. Бирок, кыскарган медиктер каякка барып иштейт аны айткан жок, иши кылып кыскарат экен.
Мына ушундан эле өз тармагын өнүктүрүүчү эмес талкалоочу, кыскартуучу, кескилөөчү катары бааласак деле болмок. Бирок, биз сабырдуу коомбуз. Жаны жумуш орун түзүү, кесипкөй адистерди тартуу деген аракетти качан баштайт деп күтүп олтура беребиз.
Арийне, коом алдыга жылган сайын оорунун түрү да, оорулуулардын саны да арбып баратат. А биздин министр болсо ошол көбөйүп бара жаткан оорулууларды дарылай турган адистерди кыскарталы дегени акылга сыябы? Же акчаны башка тараптан эле кыскартса болбойбу? Космосбек мырза министр катары кыскартуу эмес, тескерисинче бир айылда бир дагы оорукана калбаганын эске алып, элеттеги көйгөйдү чечүү үчүн жаңы кызмат орундарды, ооруканаларды көбөйтүшү керек эле да. Же эмне өзүнүн дары-дармек бизнесин гана жүргүзсө болдубу? Чындыгында Чолпонбаев сазга баткан бул тармакты өйдөлөтүүнүн ордуна өмгөктөтүп жатканы жашыруун эмес. Буга караганда мурдакы министр Талантбек Батыралиев түзүк иштеген экен, салыштырмалуу.
Булак: Де-факто