www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен коштошуу жолугушуусун өткөрүп, ага министрликтин «Кызматташтыкка кошкон салымы үчүн» медалын тапшырды.
Министрликтин маалыматы боюнча, сыйлык англис тили мугалимдерин окутууга жана окуу материалдарын даярдоого көрсөткөн колдоосу үчүн берилген.
Кыргызстандын билим берүү тармагы акыркы жылдары чечилбей келген көйгөйлөрдүн кучагында. Мектептерде мугалим жетишпейт, окуу китептеринин сапаты боюнча нааразычылыктар токтобойт, айрым аймактарда билим берүү инфраструктурасы дагы эле аксап келет. Ушундай шартта Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева британ элчисине медаль тапшырышы коомчулукта мыйзам ченемдүү суроолорду жаратты.
Албетте, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жардамы керек. Англис тилин окутуу боюнча программалар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу долбоорлору билим берүү тармагына белгилүү бир салым кошуп келет. Бирок мындай кызматташтык үчүн мамлекеттик сыйлык берүү канчалык негиздүү?
Көпчүлүк мугалимдер ондогон жылдар бою мамлекеттик сыйлыкка жетпей жүрүшөт. Бүгүн кыргыз билим берүү системасынын абалын өзгөрткөн негизги каармандар кимдер? Кыйын шартта иштеген мугалимдерби же эл аралык долбоорлорду коштогон дипломаттарбы?