www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Генералдык Ассамблеясында өткөн Коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимдин аткарылышын кароого багытталган эл аралык форумда (IMRF 2026) баяндама жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төраганын биринчи орун басары Кыргыз Республикасы Коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу миграция боюнча Глобалдык келишимдин принциптерине туруктуу берилгендигин белгилеп, миграция жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин билдирди.
Ошондой эле аталган форум глобалдык өнөктөштүктү чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана миграциялык процесстерди башкаруу механизмдерин өркүндөтүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналарын кошумчалады.
Муну менен катар Медербек Алиев Глобалдык келишимди ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы Улуттук ыктыярдуу баяндамасын сунуштаганын эске салып: “Аталган документ мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана БУУнун миграция маселелери боюнча тармагынын катышуусу менен кеңири, инклюзивдүү негизде иштелип чыкты”, - деди