www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-декабрда, КР экономика министринин орун басары Медер Туманов Азербайжан Республикасынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча соода өкүлү Самед Гасанов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылдын 8-декабрында Баку шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды аныкташты. Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, ошондой эле Азербайжан–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү маселелерине көңүл бурулду.