www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы мезгилде орус бийлиги түптөгөн ОДКБ бир гана Кремлдин саясий кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып жатат. Бул тууралуу пикирин NazarNews маалымат агенттигине Медербек Корганбаев билдирди.
-- Борбор Азиянын түрк тилдүү өлкөлөрү - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан бири-бири менен кеңешип, биригип, Борбор Азиялык Коопсуздук Биримдигин түзүш керек.
Бул уюмдун негизги максаты жана эрежеси мындай болуу керек - жогоруда айтылган кыргыз, казак, өзбек жана түркмен мамлекеттерине кандайдыр бир сырткы душман тараптан сокку же коркунуч болгондо, биримдиктин мүчөлөрү бири-бирине аскердик жардам берет.
Азыркы мезгилде орус бийлиги түптөгөн ОДКБ бир гана Кремлдин саясий кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып жатат.
Ушул себептен, Борбордук Азиянын түрк тилдүү өлкөлөрү коргоонуу максатында, региондо Рахмондун жана Кремлдин күчкө таянган саясатына, таасирине туруштук берүү үчүн жаңы аскердик, саясий уюмду түзүү зарылчыгы турат.
Албетте, бул демилгени ишке ашырууга саясий эрк талап кылынат. Бирок башка айла жок - бирикпесек жем болобуз. Башка түрк тилдүү өлкөлөр деле бекер отурбайт, бизге жардам беришет деп ишенемин, - дейт Медербек Корганбаев.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы болжол менен саат 17.50 чамасында Төрт-Көчө жерлигине тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаасына таш жүктөп келишкендигин маалымдаган.
Тажик жарандары таштарды Баткен-Исфана авто жолуна түшүрүп жолду жабышкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн. Эки Өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган.
Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда: Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй минамет жана гранатомёттор менен ок чыгарышкан. Андан кийин эле тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жериненг координация болуп алардын бул чагымчылдык аракети мурдатан даярдык көрүшкөн.
Алар тараптан минамет колдонулганы, алардын Чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт буну менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күч жана каражаттарын колдонгону көрсөтүп турат. Ошону менен бирге тажик тарап эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди одоно түрдө бузуп, тажик тарап минаметтер менен чек ара заставаларына жана электр линияларын көздөй ок атышкан. Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын тажик аскер кызматкерлери аткарбай жатышат.
Булак: NazarNews.kg