www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек ара кызматынын маалымат кызматы саат 23.50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 минутага токтогондугун маалымдады.
Ок атышуу токтогон убакта Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болуусу пландаштырган.
Тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан жайга ок атууну токтопой жатышат.
28-январы саат 00.20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат. Дагы үч жаран Баткен облустук ооруканасына жеткирилди.
Экөө денесинин ар кайсы жеринен жаракат алганы жана үчүнчүсү октон жараат алганы айтылды. Үчөөнүн тең абалы орто.
Жалпысынан 7 жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылды.