www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксы окуясынын жабырлануучусу Ыктыяр Адылбеков Баткендеги окуя боюнча пикирин NazarNewsка билдирди.
-- Активист катары Баткендеги болуп өткөн окуяга пикириңиз кандай? Соцтармактагы ар кандай талкууга кошуласызбы?
-- Ар бир адамдын пикирин сыйлаш керек! Баткендеги окуя жүрөгүмдү сыздатып турат. Азыр босогодо кыш! Жаш балдар, энелердин көз жашы, ар бир кыргызды ойлонтпой койбосо керек! Эми эмне кылыш керек? Окуя боюнча бийлик үн ката элек. Вотсап группаларда ар кандай чакырыктар болуп жатат. Мен жаштарды сабырдуулукка чакырамын! Кырдаал курчуп турганда кызуу кандуулукка албай туралы.
-- Өзүңүз айткандай эмне кылыш керек?
-- Эч нерсе кыла албайбыз. Баардыгын бийлик өзү сүйлөшүү жолу менен чечүү керек. Кудай сактасын, азыр жабырлангандардын санын так биле элекпиз, ошол нерсе өтө оор болуп турат. КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшүшкөндүгүн маалымдалганы менен эч кандай майнап чыкпады деп уктук. Эми кыргызды Кудай эле сактасын. Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй минамет жана гранатомёттор менен ок чыгарышты дейт, окуяны көз алдыңызга элестетип көрүңүз...
-- Аксы окуясынын жабырлануучусу катары айтсаңыз, сизди эмне өкүндүрүүдө...
-- Барган сайын тообого топук кылбай, кыргыз эли экиге эмес, жүзгө бөлүнүп кеттик. Бул жүрүшүбүз мамлекеттин келечеги үчүн өтө кооптуу, - дейт Ыктыяр Адылбеков.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 27-январы болжол менен саат 17.50 чамасында Төрт-Көчө жерлигине тажик жарандары оор жүк ташуучу автоунаасына таш жүктөп келишкендигин маалымдаган.
Тажик жарандары таштарды Баткен-Исфана авто жолуна түшүрүп жолду жабышкан. Аларды Тажикстандын чек арачылары коштоп жүргөн. Эки Өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир нече мүнөткө жол каттамы ачылган.
Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда: Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй минамет жана гранатомёттор менен ок чыгарышкан. Андан кийин эле тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жериненг координация болуп алардын бул чагымчылдык аракети мурдатан даярдык көрүшкөн.
Алар тараптан минамет колдонулганы, алардын Чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт буну менен Тажикстандын УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн күч жана каражаттарын колдонгону көрсөтүп турат. Ошону менен бирге тажик тарап эки тараптуу жана эл аралык келишимдерди одоно түрдө бузуп, тажик тарап минаметтер менен чек ара заставаларына жана электр линияларын көздөй ок атышкан.
Тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан жайга ок атууну токтотпой жатышат. 28-январы саат 00.20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат. Дагы үч жаран Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Экөө денесинин ар кайсы жеринен жаракат алганы жана үчүнчүсү октон жараат алганы айтылды. Үчөөнүн тең абалы орто. Жалпысынан 7 жабырлануучу аймактык ооруканага жаткырылды.
Булак: NazarNews.kg