www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Баткен окуясы тууралуу пикирин айтты.
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Чек арада болуп жаткан окуялар толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса, баарын тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула, - деди президент Садыр Жапаров.
Эске сала кетсек, Чек ара кызматынын маалымат кызматы саат 23.50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу 10 мүнөткө токтогонун маалымдаган.
Ок атышуу токтогон убакта президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун губернатору эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу болоору пландалган.
Тажик тарап эки тараптын ок атууну токтотуу макулдашууларына карабай кыргыз аскер кызматкери жайгашкан жайга ок атууну токтопой жатат. 28-январда саат 00.20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатат.
Дагы үч жаран Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Экөө денесинин ар кайсы жеринен жаракат алганы жана үчүнчүсү октон жараат алганы айтылат. Үчөөнүн тең абалы орто. Жалпысынан, 7 жабырланган адам аймактык ооруканага жаткырылган.