www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн жогорку сотторунун Экинчи конференциясы өттү.

Анда сот адилеттигин өнүктүрүү, сот системаларын санариптештирүү, кызматташтыкты чыңдоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери талкууланды.

Жыйынга Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев баштаган делегация катышты. Ал өз сөзүндө көз карандысыз жана кесипкөй сот системасы инвесторлордун ишенимин арттырып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле Медербек Сатыев Кыргызстанда сот тармагын санариптештирүү, электрондук сот өндүрүшүн өнүктүрүү жана жарандар үчүн санариптик кызматтарды кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жасалма интеллект технологиялары судьялардын көз карандысыздыгын сактоо менен гана колдонулушу керек.

Конференциянын жүрүшүндө ТМУ өлкөлөрүнүн жогорку сотторунун сот практикасын алмашуу үчүн бирдиктүү онлайн-платформа түзүү демилгеси колдоо тапты.

Жыйынтыгында катышуучулар Биргелешкен билдирүүгө кол коюп, мыйзам үстөмдүгүн, сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана сот тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Последние новости