www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн , 24-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын саясатчысы, мамлекеттик ишмер жана баатыры Медеткан Шеримкулов КР КК Улуттук гвардиясынын өздүк курамы менен жолугушуп, лекция-сүйлөшүү жүргүздү. 

Иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, ардагер генерал-майор Асанбек Алымкожоев жана аскер кызматчылары катышты.

Иш-чаранын максаты – өсүп келе жаткан муундун руханий-адептик өнүгүүсүн калыптандыруу жана тарбиялоо болуп эсептелинет.

Лекциянын жүрүшүндө Медеткан Шеримкулов «Мамлекеттик Эгемендүүлүк декларациясынын” кабыл алынышынын тарыхый окуяларына, 1924-жылдан берки Кыргыз Республикасынын түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө токтолду.

Сүйлөшүүнүн соңунда гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов аскер кызматчыларынын атынан Медеткан Шеримкуловго ыраазычылык жана бул жолугушуу жемиштүү болоруна ишенимин билдирип, ошондой эле бул жолугушууга катышуу мүмкүнчүлүгү болгондугун жогору баалады.

Последние новости