www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бардык көөнөдөн келе жаткан, ата-бабадан калган таберик салтыбызды эч качан танбайлы. Мындай пикирин акын, жазуучу Меңди Мамазаирова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Аша чапкандык, арсыз атаандашуу жана куру намыс!
Бул макаламды ушинтип атадым.
Анткени, жакында Өлкө президенти каза болгон инсандарды акыркы сапарга узатуу боюнча эсепсиз мал союп, коромжу, ысырапчылык кылбоо тууралуу Жарлыкка кол койду.
Эл кандай кабыл алар экен деп, байкап отурдум. ММКлардан келген суроолорго да өз пикиримди айттым го.
1.Жарлыктын маани-маңызын туура түшунгөндөр колдоп атышты. Экрандагы суроо-жооптон да көрүнүп атты. Маркумду акыркы сапарга узатууда биздин калк ар кандай кырдаалдарга тушукканы эсибизде.
СССРдин маалында деле ичимдикти суудай агызган кездер болгон. Эгемендик алганда өлүк коюу расмиси дагы өзгөрдү. Жылкы атпайдын шору куруду.
Таман чыккан бээлер союлуп, келген элди майлуу чучукка карк кылып атак алгандар болду.Ал эми колу жукалардын өлүк ээсинен сурабай-нетпей коңшунун малын карызга алып союп, алар карыздан кутула албай, аягы чоң чатакка айлангандарды ар бирибиз билебиз...
2.Ушул жерде дайыма айтып, жазып жүргөн оюмду айта кетейин: ХХ1 кылымдын башында Кыргыз мамлекетинде, айрыкча Бишкекти, бийик-бийик, кооз, асман тиреген кафелер менен ресторандар, тойканаларды кооздогону менен тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калса керек! Ал сулуу имарттарда бири брине арсыз атаандашкан тойлор, куран окутуулар, бешикке салуу, сүннөткө отургузуу, үйлөнүү сымак иш-чаралар тынымсыз болуп турат.
Булардын болгону жаманбы? Жакшы. Бирок, ошо маалда коомдун негизи менен келечегин түзгөн наристелер менен балдардын келечегине ылайыкталып, бала бакчалар, мектептер, балдардын жан дүйнөсүнө оң таасир берип, өстүрө турган замнбап жайлар курулбады. Ага мамлекеттин алы жетпеди, жеке ишкерлер өз керт башынын кызыкчылыгын ойлоду.
Натыйжада, бай-кедейге бөлүнгөн коом өзүнөн өзү түзүлдү. Мамлекеттин алы жетпегенинин себеби: бизде, эгемендик менен кошо туулган келемиш--ууру уулдар менен кыздар пайда болгон эле. Алар элдин алтыны менен күмүшүн, жер-суусун, таш-топурагын кошо сугунуп, ашканын сыртка келемишче ташып, кымбат квартираларды сатып алып, завод-фабрикаларды курушту.
Мамлекет кедейленгенден кедейлене берди... Ал эми бул жердегилери жанагындай кооз имарттарды салып, арсыз атаандашуу тойлорун, оюн-зоокторун жада калса маркумду акыркы сапарга узатууда да атак, даңка бөлөнүшүүдө.
Президент ушул окуяларга бөгөт коюуну көздөсө керек.
3.Ал эми менин калемдешим, замандашым Бурул Калчабаеванын айтканында да данек бар. Көөнөдөн, ата-бабадан калган өлүк коюу расмиси өзүнчө санжыра, тарых. Өтмүштө, аттуу-баштуу инсан көз жумганда ошондой эле алыс-жууктан абройлуу адамдар келишкен тажияга. Эл жыйналып, ызаат, сый менен узатышкан.
Маркум жаткан боз үйгө кара чүпүрөк байланып, сырттан эркектер жапырт өкүрүп, казаны ооттон түшүп, кыз-кыркыны, келин-кесектери созолонто кошок айтышкан.
Ал эмес айылдан же башка айылдан болсо да мыкты кошокчуну алдырып(Ага сый көрсөтүп), маркумдун таржымалын, кандай инсан экендигин, элге кылган кызматын, мактап коштурган.
Эл арасынан мурда жакшы билбегендер ошол кошоктун мазмунуна жараша анын ким экенин таанып, шыпшынып, көздөрүнө жаш алып угушчу (Бул окуялар кече жакында, согуштан кийин деле көрүп калдык). Анда азрыкы техника жок, кимдин ким экенин бир секунддан кийин анык болгон.
Маркумдун кошуналары алыс-жууктан келгендердин: куда-сөөк, тууган-уруктардын бир сыйра ыйы бүткөн соң үй-үйгө алып, майда мал союп, тамак-аш, ысык чайын берип, тейлешкен. Ал эми аза күтүп отургандарга чака- чака кесмелерин, көжөлөрун алып келип, маал маалы менен ичирип турушкан. Бул кыргыздын айныгыс үрп-адаты, салты болгон!
Аны азркы тапта тыйып, кошок айттырбай, өкүртпөй, унчукпай көмүп салууга болбойт. Аза күткөндөрдүн күйүтү, ички дарты кошо сыртка чыгып, жеңилдеп алганга шарт түзөт.
Акырында айтарым: бардык көөнөдөн келеаткан, ата-бабадан калган таберик салтыбызды эч качан танбайлы. Арсыздык менен атаандашуу, аша чапкандык, куру НАМЫЗ ар бир элге жана ар бир башка зыяндуу.
Азыр, тушубузда опурталдуу, ойсоктогон ХХ1 кылым. Мамлекеттин, анын негизин түзгөн адамдарга, келечегибиз болгон балдарга колдон келген жакшы жашоо шарт түзүп, этият бололу, багытыбызды, пейилибизди оңдойлу! Президентибизди колдойлу!», -деп белгилеген Мамазаирова.
Булак: NazarNews.kg