www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Omicron башка штаммдарга окшош эмес жана коркунучтуу

Коронавирустун жаңы штаммы "омикрон" күтүүсүздөн, эмдөөнү тоскоолдук катары көрбөй, аны айланып өтүп, дүйнө жүзүнүн ар кайсы жерлеринде пайда болууну улантууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Гонконг эки жыл бою дүйнөдөн дээрлик толук обочолонгондон кийин пандемия башталгандан бери рекорддук өсүшкө жана өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчүнө ээ болду. Гонконгдо өзгөчө 80 жаштан жогору калкынын тобунда эмдөөдөн өтпөгөн адамдар көп болгондуктан, оору алардын өлүмүнө алып келген.

"Омикрон" башка штаммдарга окшош эмес, ал коркунучтуу, бирок мурда ооруп калган же эмдөө алган адамдарда жеңил өтөрү белгиленген.

Эмне үчүн коопсуз болгон Гонконгдо кайрадан оору күчөй баштаган?

Кытайдын кулпулоо саясаты бар, алар эки адам ооруп калса 8 миллион адамды карантинге чыгарып коюшат. Оорулардын деңгээли төмөн болгон, бардыгы Ухань штаммы менен эмдөөдөн өткөн, ал эми “омикрон” штаммы мурункулардын баарынан айырмаланып турат. Бул убакыттын ичинде дүйнөдө коронавирустук мутациялар топтолуп, Кытайдагы инфекциялардын тизмеги так ошол жерден үзүлгөн, чынында бул штаммдар менен ооруган адамдар дээрлик жок. Ошондуктан кытайлардын өздөрүнө тийиштүү иммунитети болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости