www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда иш алып барган жана болжол менен 400 жергиликтүү гезитке ээ болгон басма сөз уюмдарынын коалициясы OpenAI жана Microsoft компанияларына каршы сотко доо арыз менен кайрылды.
Маалыматка ылайык, доогерлер жасалма интеллект системалары, анын ичинде ChatGPT жана Microsoft Copilot алардын миңдеген макалаларын уруксатсыз колдонуп окутулганын билдиришүүдө.
Доогерлердин арасында АКШнын ар кайсы аймактарындагы белгилүү жергиликтүү басылмалар бар. Алардын катарына Arkansas Democrat-Gazette, New York Amsterdam News, Newspapers of New England, Ogden Newspapers жана Straus Newspapers кирет.
Басылмалардын айтымында, алардын материалдарын уруксатсыз пайдалануу буга чейин эле финансылык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан жергиликтүү маалымат каражаттарына олуттуу зыян келтирүүдө. Алар мындай көрүнүш жергиликтүү журналистика үчүн «өлүм өкүмүнө» айланып калышы мүмкүн деп эсептешет.
Доогерлер OpenAI жана Microsoft компанияларынан мыйзамда каралган компенсацияны төлөп берүүнү, келтирилген чыгымды толук өндүрүп берүүнү, алынган кирешени кайтарып берүүнү жана сот чыгымдарын жабууну талап кылышууда.
Бул OpenAI компаниясына каршы автордук укукту бузуу боюнча биринчи доо эмес. Буга чейин компанияны The New York Times, Encyclopaedia Britannica жана башка авторлор менен медиа уюмдары да сотко беришкен.
Өз кезегинде OpenAI ачык интернетте жарыяланган материалдарды жасалма интеллект моделдерин окутуу үчүн колдонуу «ак ниет пайдалануу» (fair use) принцибине туура келет деген позициясын ушул убакка чейин карманып келет.
Бул иш боюнча соттун чечими жасалма интеллект компанияларынын автордук укук менен корголгон контентти колдонуу эрежелерине жана жалпы медиа тармагынын келечегине олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн.