www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы белгилүү медиа уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары, укук коргоочулар, медиа эксперттер жана журналисттер тобу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин ачууга чакырды. Кайрылуунун тексти "Медиа Полиси" институнун расмий баракчасына жазылды.

Анда басылманын кеңсесиндеги жабдуулар, техникалар, уюлдук телефондор, бухгалтердик жана башка документтердин баары тинтүү маалында алынганы белгиленип, мындан улам ижарага алынып жаткан имаратты мөөр менен жаап салууга зарылчылык жоктугу айтылат.

“Ошол эле маалда кеңсенин жабылып турушу 24.kg маалымат агенттигинин журналисттеринин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө кедергисин тийгизип жатат жана алар иш ордунан сыртары өз милдеттерин толук аткара албай калууда. Агенттиктин иш масштабынын кыскарышы жаңылыктардын санынын азайышына алып келет. Сайтта болсо негизги каржы булагы жарнама жана жарнамалык тексттерди жайгаштыруу. Бирок азыркы учурда редакция салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча, өнөктөштөр менен келишимдерин, анын ичинде жарнамалык милдеттемелерин толук аткара албай жатат. Мындай жагдай 24.kg агенттигинин кызматкерлерине маяна төлөөдө да көйгөй жаратат. Өз кезегинде алар үй-бүлөлөрүн бага албай, насыяларын төлөй албай калышат”, – деп жазылат кайрылууда.

Кайрылууга кол койгондор ошол себептүү кеңсени ачып берип, иликтөөнү уланта берүүгө чакырат жана агенттиктин жетекчилеринин сурактан эч жакка качпоо убадасын эскертишет.

Мунун алдында 24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева өзү да порталдын айланасындагы иштер боюнча Камчыбек Ташиевге кайрылып, алар тергөөгө керектүү бардык маалыматтарды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө даяр экендиктерин, иликтөө уланып жаткан маалда кеңсесин ачып турууну өтүнгөн.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кетип, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатат. Атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Мындан соң Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости