www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Документте медицина кызматкерлери иш учурунда бейтаптардан же алардын туугандарынан зомбулук көргөн учурлар көбөйүп кеткени белгиленген.

 Медиктерге кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун депутаттар тобу демилгелеп, ал Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде медицина кызматкерлери милдетин аткарып жатканда бейтаптардан же алардын туугандарынан зомбулук көргөн учурлар көбөйүп кеткени жазылган. Ал эми учурдагы мыйзамдар боюнча ак халатчандар жетиштүү деңгээлде коргоого алынбаганы белгиленген. Мындан улам медиктерди коргоо максатында бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталды. Мисалы, Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

медиктерге милдеттин аткаруу учурунда ишине тоскоолдук кылып, ден соолугуна жеңил залал келтирсе, олуттуу эмес материалдык (мүлктүк) зыян кылса кол көтөргөндөр эки айдан бир жылга чейин түзөтүү жумуштарына чегилип же 20-50 миң сом айыпка жыгылат;

колу узундар күч колдонуп медицина кызматкеринин ден соолугуна анча оор эмес же оор залал келтирсе, ири зыянга учуратса 50-100 миң сом төлөмөр болот же бир жылдан үч жылга чейин эркиндигинен ажырайт;

ак халатчандын ден соолугуна өзгөчө оор залал келтирип, өтө ири материалдык зыян келтиргендерди 3-5 жылга чейин кесүү каралган;

бейтаптын ден соолугуна өзгөчө оор залал келтиргендер 5-8 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодекске медиктин ишине кийлигишүү, сөгүү, мазактоо жана кемсинтүү, анын ичинде ЖМК аркылуу алардын ишине тосколдук кылгандарга 10 миң сом айып салуу киргизилүүдө.

Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдары медиктерди коргоого багытталган иштерди (коргонуу каражаттары, техникалык жактан камсыздоо, күзөтчү коюу, укук коргоо органдары менен кызматташуу ж.б.) жүргүзүүгө милдеттендирилген.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде ак халатчандарга кол көтөрүлсө медик эле зыян тартпастан, ал дарылап жаткан бейтаптардын сакайышына да зыяны тийиши ыктымалдыгы белгиленген.

Эске салсак, буга чейин да буга үндөш мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Мирлан Самыйкожо, Жылдыз Садырбаева, Акылбек Түмөнбаев, Жанар Акаев жана Нилуфар Алимжанова демилгелеген. Медиктерди келекелеп, аларга кол көтөргөндөрдү 5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Ал эми жогоруда сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун булардан башка парламентарийлер алып чыккан. Депутат Акаев март айында медицина кызматкерлерине кол көтөргөн соңку окуяларды эске салып, 2023-жылы эле ар кандай себеп менен 2 125 ак халатчан кызматын тапшырганын айткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости