www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окуянын өнүгүшү аскердик козголоң уюштурган тараптардын аракети алдын ала ойлонулган мамлекеттик төңкөрүштүн схемасына дал келип жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
"Схеманын жогорку деңгээлдеги даярдыгын, аракеттердин тажрыйбалуулугун, аскерлердин кыймылынын сапаттуу башкарылышын эске алганда мурда эле ойлонулган план болгону тууралуу кеп кылууга болот. Ошондой эле аскердик козголоңго катышкан тараптар мурда Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн элиталык бөлүктөрүндө кызмат өтөшү, балким, чет элдик адистер болушу мүмкүн.
Бул өтө жакшы ойлонулган жана пландалган операция, анын максаты – өлкөдөгү бийликти басып алуу экени айдан ачык. Биз ири державада мамлекеттик төңкөрүштүн кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин билип турабыз. Адамзаттын тарыхында өзөктүк куралдын ири арсеналы бандиттердин башкаруусунда калган эмес. Мындай кризис бир мамлекеттин алкагында чектелип калбайт. Дүйнө жок болуу чегине жетет", - дейт ал.
Медведев бийлик окуялардын мындай сценарий менен өнүгүшүнө жол бербей турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, кечээ түнү Федаралдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору билдиргендей, социалдык тармактарда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин Россиянын Коргоо министрлиги "Вагнердин" арткы лагерлерине бомба жана ракеталык чабуулдар жасаганын айтып чыккан.
Россиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин тараткан бул маалыматтары чындыкка дал келбейт турганын жана маалыматтык провокация экенин билдирген.
Бул боюнча Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин билдирүү тараткан.
"Мен Россиянын президенти жана Жогорку Башкы колбашчысы катары, Россиянын жараны катары өлкөнү коргоо, конституциялык түзүлүштү, жарандардын өмүрүн, коопсуздугун жана эркиндигин коргоо үчүн бардыгын жасайм.
Атайылап чыккынчылык жолуна түшкөн, куралдуу козголоң жолуна жана террордук ыкмаларга барган ар бир адам сөзсүз жазага тартылат. Алар мыйзам алдында жана элибиздин алдында жооп берет", - деген ал.
Булак: NazarNews.kg