www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крымды кайтарып алуу аракетинде Орусия аймакты коргоо үчүн каалаган куралды, анын ичинде өзөктүк куралды колдоно алат. Батышка мындай эскертүүнү Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев жасады.

“Эгерде Крымды кайтарып алуу аракети менен байланышкан кээ бир олуттуу чабуулдар жөнүндө айта турган болсок, бул бардык коргоо каражаттарын колдонууга негиз экени айдан ачык. Анын ичинде Орусияга каршы куралдын кандай түрүн колдонуу мамлекеттин жашоосуна коркунуч туудурса, негиздер менен каралган ядролук токтотуу доктринасы да бар”, - деди Медведев орусиялык маалымат каражаттарына берген маегинде.

Маалымат анын телеграм-каналында жарыяланды.

Буга чейин Украинанын Коргоо министрлигинин (ГУР) Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкий Орусияга каршы жазгы чабуулун, анын ичинде Крымды басып алууну жарыялаган. Bild басылмасынын жазганына караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрү жарым аралды Орусия Федерациясы менен байланышты үзүү үчүн Крымга кургактагы көпүрө аркылуу өтүүнү каалайт. Немис саясат таануучусу, Мюнхендеги Бундесвер университетинин профессору Карло Масала Крымга чабуул коюу кыйын болгондуктан, Украина өз пландарын ишке ашыра албайт деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости