www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын оозу-мурдуна курал тыга берүү НАТО менен Орусиянын ортосунда болуп кетүүчү чатактын ыктымалдыгын ого бетер күчөтүп, ал жүрүп отуруп «бардык сценарий үчүн кайгылуу болгон» өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин РФтин Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Анын айтымында, чет элдик аналитиктердин НАТО менен Орусиянын ортосундагы согушу тууралуу кеби токтобой жатат.
«Батыш өлкөлөрүндө башталган Орусия менен прокси-согушунун (proxy war) шартында ансыз деле белгилүү болуп турган нерселерди дагы бир ирет түшүнүктүү кылып айткым келди. НАТОнун Украинаны курал-жарак менен жабдышы, анын аскерлерин батыштын техникасы, жалданма аскерлерди жөнөтүп жана альянстын машыгууларын биздин чек аранын жанында өткөрүшү НАТО менен Орусиянын ачык жана түз эле болуп жаткан «келишим менен согушуусунун» ыктымалдыгын арттырат», — деди Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары.
Анын айтымында, булар тобокелдикти жаратат.
«Мындай чатактын толук өзөктүк согушка өтүп кетүү тобокелдиги дайыма бар. Бул бардык сценарийлер үчүн кайгылуу болот», — деп эскерткен ал.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg