www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия 3-дүйнөлүк согуштун чыгышына жол бербейт, бирок кол салуу болгон учурда дароо жана абдан катуу жооп кайтара алат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Саровдогу өзөктүк борборго болгон иш сапарынын жыйынтыгында билдирди.

«Биз буга жол бербейбиз. Бирок биз өз өлкөбүзгө кол салуу болгон учурда дароо жана абдан катуу жооп кайтара аларыбызды дайыма эскертип турушубуз керек. Биздин мамлекетибизге коркунуч келтирген ар кандай агрессиянын мизин кайтарабыз», - деди Медведев.

Анын айтымында, санкциялардын алкагында орус илимине колдоо көрсөтүү зарыл.

«Биз импортту алмаштырууну күчөтөбүз, оригиналдуу жергиликтүү иштеп чыгууларды киргизебиз, келечектүү адистерди даярдайбыз. Бул ишке заказчы жана уюштуруучу катары ири мамлекеттик корпорациялар, жеке ишканалар тартылышы керек», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости