www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина менен сүйлөшүүлөр атайын операциянын жыйынтыгын бекитүүгө багытталган. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдиргенин РИА Новости жазды.
Медведевдин айтымында, Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө атайын операция кандай жыйынтыкка багытталганын тактоо зарыл.
Ал кеп “адамдарды улутка карап бөлгөн мыйзамдар” жөнүндө болуп жатканын белгилеп, “Бул сүйлөшүүлөрдүн максаты түшүнүктүү – атайын операция багытталган бардык натыйжаларды бекитүү. Тактап айтканда: Украинанын бейтарап статусу, аны демилитаризациялоо, Украина тарабынан кабыл алынган нацисттик идеологиялык мыйзамдарды колдонуудан баш тартуу”, - деди.
Ошол эле учурда Медведев украин тараптын аракеттери өз мамлекетин сактап калууга жана анын мындан аркы өнүгүшүн камсыздоого багытталганын кошумчалады.
Буга чейин, Орусиянын президентинин жардамчысы Владимир Мединский Москва Киевдин сүйлөшүүлөрдү создуктургусу келгенин көрүп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg