www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Душмандардын бүтүндөй империясы Москвага каршы курал алып, алар Россияны жер бетинен жок кылууну максат кылып коюшкан. Орусиянын оппоненттерин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев «Национальная оборона» журналына жазылган макалада санап берди.
Анын айтымында, Орусиянын душмандары “украин жана европалык неофашисттер, АКШ, башка англосаксондор жана алардын вассалдары (элүүдөй өлкө). Медведев алардын бири да Орусияны муунта албайт деген ишенимин билдирди.
Буга чейин Медведев Батыштын максатын атаган. Анын пикиринде, Батыш Орусияны башкалар аркылуу жеңүүнү каалап, Украинанын азабын гана узартууда.
"Ал эми бул кагылышуудан жөнөкөй украиналык (ошондой эле европалык) жарандардын жапа чегип жатканы ал (ред. батыш) үчүн баары бир", - деди Орусиянын Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары.
Булак: NazarNews.kg