www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалына ээ болду

Балбан кыз турнирдеги жолун 1/8 финалдык баскычтан баштаган.

Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 68 килограммга чейинки салмак категориясынын финалында америкалык Амит Элорго 0:3 эсеби менен жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Ошентсе да ал эгемен кыргыз тарыхында Олимпиада оюндарынан катары менен медаль алган алгачкы спортчу болуп калды.

Жуманазарова турнирди 1/8 финалдык баскычтан баштап, монголиялык атаандашы Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда япониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп 3:1 эсеби менен жеңүүчү болгон.

Бул Мээрим Жуманазарованын Олимпиададагы экинчи медалы. Ал буга чейин Токиодо өткөн оюндардын коло медалын уткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости